АРАБ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЛИГАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
, ж а м и а т  а д-д у у а л ал ь-а р а б и я – араб мамлекеттеринин өз ара карым-катнашын чыңдоо, саясий аракеттерин координациялоо, көз каранды эместигин, суверенитетин ж-а жалпы эле араб
өлкөлөрүнүн таламдарын коргоо максатында түзүлгөн уюм (22. 3. 1945, Каир). Анын мүчөлөрү:
Египет, Ирак, Сирия, Ливан, Иордания, Сауд Аравиясы, Кувейт, Катар, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмираттары, Йемен, Ливия, Су­дан, Алжир, Тунис, Марокко, Мавритания, Со­мали, Жибути ж-а Палестина автономиясы. Уюмдун жогорку органы – Лиганын Кеңеши (ага уюмга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчылары, премьер-министрлери же ыйгарымдуу өкүлдөрү кирет), аткаруу органы – Генералдык
секретариат. Штаб-квартирасы – Каир ш-нда жайгашкан. Расмий тили – араб тили.