АНШЛЮС
20:52, 13 Июль (Теке) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(нем. anschlus – бириктирүү) – Германиянын Австрияны аннексиялоосуна карата колдонулган термин. Австриялык немецтер Германия империясына кирбестен, Австрия-Венгриянын курамында калышкан. 1934-ж. австриялык нацисттердин Австрияны «Үчүнчү Рейхке» бириктирүү аракети ишке ашпай калган. 1938-ж. февралда Гитлер австриялык канцлер Курт фон Шушнингди Берхтесгаденге чакырып, андан Австриянын министрлер кабинетинин курамына нацисттерди киргизүүнү талап кылган. Канцлердин Австриянын көз каранды эместигин сактап калуу аракети колдоого ээ болбой, өлкөдө өткөрүлгөн плебисцит ийгиликсиз аяктаган. 1938-ж. 11–12-мартта фашисттик Германия Австрияны басып алган ж-а көпчүлүк австриялыктар аны колдошкон. Австриянын көз каранды эместиги 1946-ж. калыбына келтирилип, атайын мамл. келишим б-ча А-ка тыюу салынган.