АНТРОПОСФЕРА
20:35, 13 Июль (Теке) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(антропе... ж-а гр. spera – кабык) – адамзатты индивиддердин жалпылыгы катары камтыган социалдык сферанын составдык бөлүгү. 1) адамзат жашаган жер сферасы; 2) бүгүнкү күндө ж-а келечекте адамдар тарабынан түздөн-түз же кыйыр түрдө өзгөртүлгөн өзгөртүлүүчү, өздөштүрүлүүчү жер ж-а жакынкы космос чөйрөсү; 3) адамдар тарабынан пайдалануучу биосферанын (географиялык, ландшафттык кабыкчанын) бөлүгү. А. социалдык сфера түшүнүгүнүн синоними.
Г. Т. Ботоканова.