«АЖАЛ ОРДУНА» драмасы
Jump to navigation
Jump to search
– муз. драма. Драманын автору – Ж. Турусбеков (1934). А. Малдыбаев, Д. Ковалёв, П. Шубин драманын музыкасынын алгачкы вариантын 1934‑ж., ал эми соңку муз. редакциясын В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере жазган. 1938‑ж. сахнага коюлган. Режиссёрлору‑А. Куттубаев, В. Я. Васильев, дирижёру - Целиковский, сүрөтчүсү – Я. Штоффер болушкан. Баш каармандардын образдарын түзгөн туңгуч аткаруучулар:
А. Куттубаева (Зулайка), А. Боталиев (Искендер), А. Малдыбаев (Бектур). Тарыхый муз. драмада кыргыз элинин 1916‑жылдагы көтөрүлүшү сүрөттөлөт. Элдик мотивдер м‑н профессионалдык музыканы чебер айкалыштыруунун натыйжасында «А. о.» муз. драмасы улуттук иск‑вонун жаңы баскычына көтөрүлгөн.