АСКЕРДИК-ПАТРИОТТУК ТАРБИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

– Ата мекен коопсуздугун коргоо милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон бийик идеялык-ыймандык, адептик-күжүрмөн ж-а моралдык-психол. сапаттарды калыптандырууга багытталган таалим-тарбия иштеринин бир бөлүгү. Ал Ата мекенди коргоонун тарыхый тажрыйбасын талдай билүү, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо милдетин түшүнүү, аскер ишиндеги өнүгүү багыттарын эске алуу сыяктуу атайын принциптерге негизделет. Бийик идеялык-ыймандык, моралдык-психол. сапаттарга ээ ж-а дене бою чың, аскердик-тех. билими бар, өз элинин ж-а анын куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн салттарына чексиз берилген атуулдарды тарбиялоо А. -п. т-нын негизги милдетине кирет. А.-п. т-ны окуу жайлары, жаштар уюмдары, аскер комиссариаттары, гражд. коргонуу органдары, согуштун ж-а эмгектин ардагерлеринин уюмдары, спорттук коомдор ж. б. жүргүзүшөт. А.-п. т. ишин адептик тарбия м-н эриш-аркак натыйжалуу жүргүзүү учурдун олуттуу талабы болуп саналат.