АСКЕРДИК КЫЗМАТ
– жарандардын куралдуу
күчтөрдүн катарында аскердик милдетин өтөшү.
Кырг-нда аскер жашындагы жарандардын
түрдүү аскер бөлүктөрүндө кызмат кылуу тартиби, мөөнөтү 1993-ж. кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттүүлүгү жөнүндөгү»
мыйзамына ылайык ишке ашырылат. Катардаты аскер, сержанттык курамдагылар үчүн
А. к. өтөөнүн мөөнөтү 1,5 жыл (2006-ж. 1-январынан I жыл). Прапорщиктер, офицерлер ж-а
генералдардын А. к-н өтөөсү ж-а запаста болуусу өзгөчө шарттын негизинде жүргүзүлөт. А. к.
өтөөдөн бошотуунун же аны альтернативдик
кызмат өтөө м-н алмаштыруунун негиздери
ж-а тартиби мыйзам м-н белгиленет. А. к. ар
бир кыргызстандык жаран үчүн милдет гана
эмес, о. эле укугу да болуп эсептелет. А. к-ын
өтөп жатышкан ар бир жаран саясий укукка
толук ээ болуп, о. эле аскердик бардык талапка
баш ийүүгө милдеттүү. Мындан тышкары, А.
к-ын өтөөдө ар бир жаран өз чеберчилигин арттырууга, аң-сезимин көтөрүүгө, моралдык туруктуулугун бекемдөөгө тийиш.