АСКЕР-ДЕҢИЗ ФЛОТУ
(АДФ, айрым өлкөлөрдө Аскер-деңиз күчтөрү деп аталат) – куралдуу күчтөрдүн түрү; океан ж-а деңиздердеги согуш аракеттерин стратегиялык ж-а оперативдик
жактан жүзөгө ашырат. АДФ милдеттерин өзалдынча ж-а куралдуу күчтөрдүн башка түрлөрү
м-н бирге да орундатат. АДФ душмандын жердеги негизги объектилерин талкалоо, анын флотунун деңиздеги ж-а базалардагы күчтөрүн жок
кылуу, кургакта согушкан аскерлерди колдоо,
деңиз десанттарын түшүрүү ж-а душмандын деңиз десанттарын түшүрүшүнө каршы аракеттенүү, океан, деңиздеги душмандын коммуникацияларын бузуу, өзүнүн деңиздик коммуникацияларын сактоо милдеттерин аткарат. АДФнын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: суу астында
жүрүүчү кайыктар, аскер-деңиз флотунун авиациясы, суу үстүндө жүрүүчү кемелер, жээктеги
ракета-артиллериялык аскерлер ж-а деңиз жөө
аскерлери. Cyy астында жүрүүчү кайыктар ж-а
АДФнын авиациясы анын башкы күчү болуп
саналат. Cyy астында жүрүүчү кайыктар куралданышы б-ча ракеталык ж-а торпедалык; керектөөчү отуну б-ча атомдук ж-а дизелдик болуп бөлүнөт. Алар алыска атылуучу ракеталар
м-н куралданып, суу астынан атууга ыңгайлуу
келип, ядролук же кадимки дүрмөттөрү бар, өзү
мээлеп тийүүчү торпедалар м-н жабдылат. АДФ
авиациясынын карамагында деңизде ракета
алып жүрүүчү, суу астындагы кайыктарга каршы чалгындоочу авиация ж-а атайын дайындалган авиация болот. Анын негизги милдети -
душмандын суу астында жүрүүчү кайыктарын,
суу үстүндөгү кемелерин, транспортторун жок
кылуу. Cyy үстүндөгү кемелер душмандын суу
астындагы кайыктарын издеп табуу ж-a кыйратуу, суу үстүндөгү кемелери м-н согушуу, жээктерге деңиз десанттарын түшүртпөө, миналарды издөө, аларды зыянсыздандыруу д. у. с. милдеттерди аткарат да, суу астында жүрүүчү кайыктарга каршы аракеттенүүчү ракеталык, артиллериялык, торпедалык, десанттык ж. б.
класстарга бөлүнөт. Жээктеги ракеталык-артиллериялык аскерлер өлкөнүн ж-a флоттун
(фронттун) жээктеги маанилүү объектилерин
душмандын деңизден кол салуусунан коргоого
дайындалат. Деңиз жөө аскерлери өзүнчө ж-а
деңиз десанттарынын курамында, кургактагы
аскерлер м-н бирге аракеттенет.