АСКАРИДОЗ мите оорусу
адамдын – адамдын ж-а кээ бир жаныбарлардын жумуру курттар – аскаридалар пайда кылуучу мите оорусу. Аскаридалар кишинин ичегисинде мителик кылат; уз.
40 см; ургаачысы суткасына 200 миңге чейин жумуртка тууйт. Ал оорулуунун ичегисинен заңы м-н сыртка чыгат. Аны м-н булганган
жашылча-жемиш, мөмөлөрдү жегенде, кээде кайнатылбаган суу ну ичкенде кишиге жугат. Ичегиде жумурткадан личинка пайда болот. Личинка ичегинин капталын тешип, вена кан тамырларына өтүп, кан агымы м-н жүрөккө, өпкөгө, андан бронхторго келип, дем алуу жолу
аркылуу ооз көңдөйүнө келет. Ооздон шилекей
м-н кошо жутканда кайра ичегиге кетип, жетилген аскаридага айланат. А-дун өтүшү 2 стадияга бөлүнөт: 1-стадиясы көбүнчө билинбей
өтөт; кээде дене ысып, жөтөлөт, териге бөрү жатыш чыгышы мүмкүн. 2-стадиясында оорулуунун жүрөгү айланат, ичи ооруйт, бат чарчайт.
Балдар уктап жатканда типшн кычыратат; деми
кысылат, бронхит, аз кандуулук пайда болот.
А. өтө коркунучтуу кабылдап кетүүгө алып келиши ыктымал. Аскарида өт баштыгына, өт
жолуна кирсе ириңдүү холецистит, боор абцесси, перитонит, уйку безинин түтүгүнө өтсө – катуу кармаган панкреатит, ичеги өткөөлсуздугу
ж. б. пайда болот. А-ду алдын алууда өздүк гигиена эрежелерин сактоо, жашылча-жемиштерди жээрден мурда жакшылап жууп, кайнатылган суу м-н чайкоо керек.