АСКАНИЯ КОЮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

– уяң жүндүү меринос кой породасы. Меринос койлорун Американын рамбулье кочкорлору м-н аргындаштырып, улам тандоо жүргүзүү аркылуу, «Аскания-Нова» коругунда чыгарылган (1925 – 34). Ал жүндүү, тез жетилет. Денеси чың, чымыр, эттүүлүгү ж-а жүндүүлүгү м-н айырмаланат. Кочкорунун салмагы 110-140 кг (180 кгга чейин), соолугу 60-70 кг. Кочкорунан 10-12 кг, соолугунан 5,5-6 кг жүн кыркылат. Айрымдары 30,6 кг га чейин жүн берип, дүйнөдө 1-орунда турат. Жүнүнүн ичкелиги 64-сапатта, уз. 7-8 см. Кургакчыл шартка көнүккөн. А. к. уяң жүндүү койлордун жүндүүлүк ж-а эттүүлүк касиетин жакшыртууда асыл тукум катары пайдаланылат.