АСБЕСТ-ЦЕМЕНТ
– портландцемент ж-а хризотил-асбест буласынын (була уз. 1–10 мм) суудагы аралашмасынан алынуучу курулуш материалы. Портландцемент массасынын 100 бөлүгүнө асбест массасынын 15–20 бөлүгү кошулуп жасалат. А.-ц-тин курамындагы асбест буласы өтө бышык, щелочторго туруктуу ж-а цементке караганда адсорбциялык жөндөмдүүлүгү жогору болгондуктан армирлөөчү элементтин ролун аткарат, о. эле ал А.-ц-тин ийкемдүүлүгүн ж-а бышыктыгын арттыргандыктан,
андан 5–10 мм калыңдыктагы такта алууга болот. Анын бышыктык чеги кысылууда 90 МПа,
ийилгенде 30 МПа; иштетүү илээшкектиги 1,8–
2,5 кДж/м2. А.-ц. дээрлик суу өткөрбөйт, узакка пайдаланылат, отко күйбөйт, электр тогун
өткөрбөйт. Кемчилиги – нымдуулук узак убакыт таасир эткенде быркырап, деформацияланышы мүмкүн. Ал үйдүн чатырын жабууда, такта ж-а түтүктөрдүн бетин каптоодо констр-лык
материал катары пайдаланылат. А.-ц. буюмдарын өндүрүү технологиясын 1901-ж. австриялык
инженер JI. Гатчек сунуштаган. Мындай такта
чыгаруучу алгачкы з-ддор 1903-ж. Феклабруккта (Австрия), 1910-ж. Европа м-н Америкада
курулган. Россияда 1908-ж. Брянск ш-нда
өндүрүлө баштаган. 1913-ж. Италияда А.-ц-тен
жиксиз түтүктөр жасала баштаган. 1933-жылдан СССРде толкундуу шифер чыгарылган. 1990-
жылдын акырынан баштап азыркыга чейин
түстүү же полимер пленка чапталган ж-а декоративдүү минерал күкүм м-н капталган такталар жасалат. Андан электр тех. электр-изоляциялоочу такталар жасалып, электр щиттеринде, электр машинасынын негизин жасоодо колдонулат. Мындай такталардан башка А.-ц.
түтүктөрү тиричиликте көп колдонулат. Алар
канализацияда желдеткич кабель жаткыруу
үчүн, таштанды салынуучу түтүктөрдө пайдаланылат. Мындай түтүктөрдү жылуулук трассасы
үчүн пайдалануунун артыкчылыгы бар. Болот
түтүккө Караганда мындай түтүктөрдү дат баспайт; суу тийгенде түтүк мурдагыдан дагы бышык тартат; жер астындагы суу таасир этпейт.
А.-ц. түтүктөр муфталуу бириктиргич м-н бириктирилет.
Ад.: Попов К. H., Kaddo М. Б. Строительные
материалы и изделия. М., 2005.