АСБЕСТОС
Jump to navigation
Jump to search
кени, Ж е ф ф р и – Канададагы ири
асбест кени. Квебек провинциясында. 1881-жылдан жер үстүнөн ачылып, 1890-жылдан ачык казып
алынат. Хризотил-асбесттин чалгындалган запасы 5 млн тдан ашык. Аппалачи тоолорунун
түн.-чыгыш тармактарында, серпентиндүү алкактын түш.-чыгыш учунда жайгашкан. Кен
гидротермдик апоультрамафит тибине кирет.
Кен хризотил-асбестин тарамчалары бар серпентиндешкен перидотит интрузиясы түрүндө
жатат. Тарамчалардын калыңдыгы 10–100 мм, уз. бир нече мге жетет. 3–7 сорту өндүрүлүп,
анын 90% асбест-цемент өнөр жайында пайдаланылат.