АСАФЬЕВ Борис Владимирович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Борис Владимирович [(псевдоними - Игорь Глебов), 17(29).7. 1884, Петербург – 27. I. 1949, Москва] – орус музыка изилдөөчү, композитор, педагог. СССР ИАсынын академиги (1943), СССР эл арт. (1946). Петербург ун-тин (1908), Петербург консерваториясын бүткөн (1910). 1919-30-ж. Ленинград иск-во тарыхы интунда иштеген. 1925-жылдан Ленинград консерваториясында проф. Москвада 1943- жылдан эмгектенет. А. - орус ж-а чет өлкөлөрдүн муз. мад-ты, музыка теориясынын маселелери б-ча ил. эм-

АСАФЬЕВ 81.png


гектердин ж-а сын макалалардын автору. Сов. композиторлордун Бүткүл союздук 1-съездинде (1948) СССР композиторлор союзунун председатели болуп шайланган. 11 опера, 28 балет, 4 симфония, бир нече романс, камералык-аспаптык ж. б. чыгармаларды жазган. Белгилүүлөрү: «Париж жалыны» (1932), «Бахчисарай фонтаны» (1934), «Кавказ туткуну» (1938) ж. б. А. СССР мамл. сыйл. эки жолку лауреаты (1943, 1948). Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Tyy ордени м-н сыйланган.