АСАНОВ ЖАМАНТАЙ
Jump to navigation
Jump to search
(1918, Ош обл., Өзгөн р-ну,
Кыш-Булак кыш. – 1985, ошол эле жерде) -
дыйкан, Соц. Эмг. Баатыры (1949). Улуу Ата
Мекендик согуштун катышуучусу. 1936-жылдан
Өзгөн р-нундагы «Эркин-Тоо» колхозунда колхозчу. 1945-53-ж. талаачылык бригадасында
звено башчы. Ал жетектеген звено дан эгин өстүрүүдө
мыкты ийгиликке жетишип, 1948-ж. 30,5 га жаздык буудайдын ар гектарынан 29,1 ц түшүм жыйнаган.
Ленин ж. б. ордендер м-н
сыйланган.