АСАНКУЛОВА Эльвира Керезбековна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

Эльвира Керезбековна (2. 6. 1962-ж. т., Чүй обл., Ысык-Ата р-ну, Сын-Таш айылы) – опера ырчысы (колоратуралык сопрано), КРдин эл арт. (2003). 1970-ж. М. Абдраев атн. Респ. муз. мектеп-интернатын, М. Күрөңкөев атн. муз. окуу жайынын фортепьяно классын бүтүргөн, 1989-93-ж.

АСАНКУЛОВА 76.png


Б. Бейшеналиева атн. Кыргыз мамл. иск-во ин-тунда окутан. 1993-жылдан А. Малдыбаев атн. Кыргыз мамл. опера ж-a балет театрынын ырчысы. 1996-97-ж. Италиянын Кальи ш-нда Марьо Дель Монако академиясында ырдоо билимин өркүндөткөн. Дж. Вердинин

  • Риголеттосунан» Жильданын, «Травиатасынан»

Виолеттанын, Россининин «Севильялык чач тарачынан» Розинанын, В. А. Моцарттын «Сыйкырдуу флейтасынан» Түнкү канышанын, Ж. Kaныметовдун «Ак Мөөрүнөн» Ак Мөөрдүн ж. б. ролдорду аткарат. Башкы партияларды ырдоо м-н дүйнөлүк, орус, кыргыз композиторлорунун арияларынан үзүндүлөрдү, романстарды, ырларды да жогорку чеберчиликте аткарат.