АРЬЕРСЦЕНА
Jump to navigation
Jump to search
– сахнанын түпкү, арт жак бөлүгү, негизги сахна бөлүгүнүн уландысы ж-а
декорациялык түзүлүштөр үчүн кошумча жай.
Азыркы кездеги театр имараттарында А. кенен
жасалат. Ал жерде декорациялар жайгаштырылып, аларды жылдырып келүүчү түзүлүштөр кою
лат. Анын жогору жагында декорация көтөргүчтөр ж-а жарык берүүчү аппаратура орнотулат.