АРЫК-ТУРУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

(Aruq turuq, Арык-Тору к) – жердин аты, тарыхый топоним. Махмуд Кашкар «Диван лугат-ит-түрк» (11-к.) китебинде «Арик-Турукту» эки жолу эскерет. Адегенде аны «Фергана м-н Кашкардын ортосундагы бийик жердин аты, өтүүгө кыйын бийик жол, даван» деп белгилейт. Азыркы топографиялык карталарда номен «Арктурк суу», «Арык-Торук» ашуу ж-а «Арык-Торыксуу» болуп эки түрдө кезигет. А. – Махмуд Кашкари мындан 900 жыл мурун жазгандай Фергана м-н Кашкардын ортосунда жайгашкан бийик тоолуу (3000–4000 м)' жер. Негизин түш.-батыштан түн.-чыгышка 500 кмге созулган А. суусунун тар капчыгайлуу эки өрөөнү ээлейт. Эки өрөөндүн ортосунда А.-Т. ашуусу (3524 м) жайгашкан. Өрөөндү эки жактан куушурган Алайкуу м-н Үч-Таш тоолору. Жайытка ылайыктуусу А.-Т-тун түн.-чыгыш жагы. Бул жерлерди эзелтен кыргыз журту мекендейт. Жол Махмуд Кашкар жазгандай А.-Т. даванын ашып эки тарапты көздөй бет алат. Архивдик документте (1880-ж.) Улуу-Чаттан (азыркы Синьцзян-Уйгур автономиялык району) башталган жол «Арык-Турук» суусун бойлой, Саба-Жарды белин ашып, Алайкууга түшөт деп көрсөтүлгөн. 1885-ж. А.-Т. жери м-н түн.чыгыштан түш.-батышты көздөй орус экспедициясы (Б. JI. Громбчевский, Ф. Касымбеков ж.б.) өткөн. С. Өмурзаков.