АРЫК-БУКА
(т. ж. белгисиз – 1265/66) – монгол башкаруучусу. Чынгыз хандын уулу Тулуйдун он баласынын алтынчысы (Муңкэ, Хубилай, Хулагу, А-Б. ж. б.). Улуу хан Муңкэнин
(1251-59) тушунда кыргыздар жашаган СаянАлтай, Монгол Алтайы, Чыгыш Теңир-Тоо аймактары А.-Б-нын башкаруусу алдында болгон.
Муңкэ хан өлгөндөн кийин (1259), бүткүл монголдук тактыны ээлөө үчүн Муңке хандын бир
туугандары А-Б. м-н Хубилайдын ортосунда
күрөш жүргөн. 1260–64-ж. хандык тактыны
убактылуу ээлеген А-Б. ушул эле мезгилде
Кытайда бийликке келген Хубилай м-н Чагатай улусун ээлөө үчүн күрөш баштаган. 1260-ж.
күзүндө Хубилайдан жеңилип, анын аскерлери
кыргыздардын аймагына качып келген. 1262-ж.
А.-Б. өз аймагындагы элдерден, а. и. кыргыздардан түзүлгөн кошуунга таянып, Теңир-Тоодогу Чагатай улусунун башкаруучусу Алгуга
(Чагатайдын небереси) каршы жортуул жасаган. 1264-ж. А.-Б. Кытайда монголдук Юан династиясын негиздеген Хубилай ханга (1260-
94-ж.) баш ийээрин билдирген. 1266-ж. дүйнөдөн
кайткан. Ушул доордон тартып чыгыштагы
(Түштүк Сибирь, Монгол Алтайы) кыргыздар
Юан династиясына (1260–1368-ж.) карап калышкан, ал эми батыштагы Теңир-Тоо аймагы
1269-жылдан Хайду мамлекетине караган.
Т. Жуманалиев.