АРЧАЛЫ ӨРӨӨНҮ
Ички Теңир-Тоодо. ЖетимБел ж-а Жетим тоолорунун аралыгында жайгашкан. Уз. 44 км, туурасы I кмдей, өрөөндүн
таманы деңиз деңг. 2700–3000 м бийиктикте;
курчап жаткан тоолордун салыштырмалуу бийикт. 1300–1500 м. Өрөөн палеозой тоо тектеринин неогенде төмөн ийилипшинен, байыркы мөңгүнүн аракетинен ж-а суу эрозиясынан пайда
болгон. Азыркы рельефинин калыптанышында байыркы муз каптоонун таасири зор болгон.
Антропогенде тоо беттеринен түшкөн мөңгүлөр
өрөөндүн таманында 8-26 кмге жетип, тартылганда мореналарды, тепши сымал өрөөндөрдү
пайда кылган. Таманы жазы ж-а түз, суу бойлой эки тектир созулуп жатат. Too капталдары
капчыгайлуу. Азыркы мөңгүнүн басымдуу
бөлүгү Жетимдин түн. капталында жайгашкан;
эң ириси – Эгиз-Төр (уз. 5 км). Өрөөн аркылуу
батышты карай Арчалы суусу агып, Жаңы-Жер
тоосун кесип өтүп, Балгарт суусуна куят. Климаты континенттик; январдын орт. темп-расы -
12–13°С, июлдуку 9–10°С. Жылдык жаан-чачыны 350–400 мм. Өрөөндө шалбаалуу талая ж-а
шалбаа (3000 мге чейин), доңуз сырттуу субальп
ж-а альп шалбаасы (3000–3300 м), андан жогору субнивалдык, гляциалдык-нивалдык алкактар мүнөздүү.