АРЧАЛЫ ДЕМАНТОИД КЕНИ
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
Нарын обл-нун Ат-Башы р-нунда, Арчалуу суусунун боюнда.
1982-ж. табылган. Кен Арчалы гипербазит массивинин серпентиниттүү талкаланган зонасында жайгашкан. Зонанын ичинде демантоид
щётка ж-а друза түрүндө кездешет. Жекече кристаллдардын өлчөмү 3 ммге чейин жетет. Демантоиддин өңү ачык жашыл, алмаздай жалтырайт. Тоо тектеги гранаттын өлчөмү 15–25тен
120–150 г/тга жетет. Тунук ачык жашыл түстөгү кристаллдарынын өлчөмү 0,5 г/тны түзөт.
Кондициялык демантоиддин болжолдуу ресурсу № 6 карьер өткөн участкадагы 5 м тереңдикке чейин 1440 каратты түзөт.