АРХИТЕКТУРАЛЫК ОРДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– классикалык стилде курулган имараттардын ж-а курулмалардын көркөм-конструкциялык системасы. Ал эки бөлүктөн турат: көтөрүп туруучу элементтер (капителдүү колонна, база) ж-а көтөрүлүүчү элементтер (антаблемент., архитрав, фриз, карниз ж. б.). А. о. Египет, Ассирия-Вавилония, байыркы Персия зодчийлигинде пайдаланылган. А. о-дин классикалык тиби Байыркы Грецияда храмдарды ж. б. коомдук имараттарды курууда калыптанган. А. о-дин негизги түрлөрүнүн аталышы дорий, ионий, коринф, тоскан байыркы грек урууларынын ж-а жерлеринин атынан алынган. Таштан жасалуучу А. о-лер жыгачтан ашталган түркүк-устун констр-лык системанын негизинде пайда болуп, бара-бара туруктуу элдик салтка айланып кеткен. Алсак, дорий ордеринин прототиби катары саман, камыш (кийин черепица) чатырлуу тамдын конструкциялык түзүлүшү алынган. Ионий ордеринин пайда болушуна жалпак чатырлуу турак жайдын курулушу себеп болгон. Арх-ра тарыхында дорий, ионий ордерлери 5-6-к-дан, ал эми Коринф ордери 4-к-дан белгилүү. Кийинчерээк ионий ж-а коринф ордерлеринин кошулмаларынан композициялык ордер чыккан. Ордерлик системаны колдонуу чоң имараттардын конструкциялык формасын жакшыртууга ыңгайлуу шарт түзгөн.