АРХИМЕД ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

– суюктук м-н газдардын статикалык закону. Бул закон б-ча, суюктукка (же газга) матырылган нерсеге, суюктук (газ) тарабынан ал нерсе сүрүп чыгарган суюктуктун (газдын) салмагына барабар күч таасир этет. Жогору карай түрткөн күч архимед күчү деп аталат. Бул законду б.з.ч. 3-к-да Архимед

АРХИМЕД ЗАКОНУ 42.png


ачкан. А. з. – суюктук м-н газдардагы нерсенин сүзүп жүрүү теориясынын негизи. Суюктукка матырылган нерсеге жасалган басым матыруу тереңдигине жараша болот. Нерсенин төмөнкү бетине жогору жагына караганда көбүрөөк басым жасалат. Нерсенин бетине баскан күчтөрдү натыйжалоочу күч дайыма тик өйдө багытталат (F). Эгер нерсе суюктуктун түбүндө жатса, суюктук чоң басым м-н басып турат (P). Ал эми нерсенин салмагы суюктуктун түртүү күчүнөн кичине болсо, анда нерсенин матырылган бөлүгү сүрүп чыгарган суюктуктун салмагы нерсенин салмагына теңелмейинче, нерсе жогору калкып чыга берет. Эгер нерсенин салмагы суюктуктун түртүү күчүнөн чоң болсо, ал чөгөт.