АРХИМЕД
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(болжолу б. з. ч. 287–212, Сира-куз ш.) – байыркы грек илимпозу, математик ж-а механик. Статика м-н гидростатиканы негиздөөчү. Ил. иштерин механик ж-а техник катары баштаган. Беттер аянтынын, ар кандай нерсе ж-а фигуралардын көлөмүн табуу методун өркүндөткөн. Ал физика-математика илимд. алгачкы окумуштуусу, механиканы илим катары түзүүчүлөрдүн бири. Ага ар түрдүү тех. ойлоп чыгаруулар тийиштүү. Ал к санынын маанисин өтө тактыкта
Failed to parse (syntax error): {\displaystyle Формула 5}
эсептеп чыккан ж-а нерсенин оордук борборун тапкан. Рычагдар законун матем. жол м-н чыгарган. Анын акыркы эмгеги сууга матырылган нерсенин тең салмактуулугун изилдөө болгон. Архимед винти деп аталган суу көтөргүч механизмди ойлоп тапкан.