АРХИВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(гр. arheia – сөзмө сөз – улуктар жазуусу, б. а. расмий документтер) – I) документ түрүндөгү материалдарды сактай турган өз алдынча мекемелер же мекемелердеги, уюмдардагы ж-а ишканалардагы ушул ишти аткаруучу бөлүмдөр; 2) мекемелердин, коомдордун ж-а жеке адамдардын иш-аракеттеринин натыйжасында топтолгон документациясындагы жазылмалар жыйындысы. Жазма булактарды жыйнап топтоо иши алгач Египет, Кытай, Байыркы Грекияда, Римде, Араб халифаттарында ж. б. өлкөлөрдө мамл. деңгээлде колго алынган. Чет өлкөлүк А-дердин ичинен изилдөөчүлөр үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон бир нече А. бар:
Батыш Европадагы чиркөө тарыхы (католик, протестантизм, православие ж. б.) б-ча булактар, Европа, Америка, Азия, Африка өлкөлөрүнүн тарыхы сакталган Ватикан А.; Франциядагы Батыш ж-а Борб. Европанын, Россия ж-а СССРдин тарыхы камтылган документтер сакталган Улуттук А.; Англиянын ж-а Батыш Европанын, о. эле колониялык саясаттын тарыхын чагылдырган Улуу Британиянын мамл. А. ж. б. Кырг-ндын А. кызматы Совет өкмөтү тарабынан 1918-ж. 1-июнда «Архив иштерин кайрадан уюштуруу жана борборлоштуруу» декрети кабыл алынган соң башталган. 1924-ж-га чейин Кырг-н Түркстан АССРинин курамында болгондуктан, А-дик иштерди Түркстандагы борб. башкармалык жүргүзгөн. 1926-ж. 1-сентябрда Кыргыз автономиялуу обл-нун Аткаруу комитетинин алдында А. бюросу уюшулган. Ал 1927-29-ж. Борб. А., 1929-жылдан А. башкармалыгы деп аталган. Анын карамагына 4 кантондук (Фрунзе, Талас, Нарын, Каракол) ж-а Ош округдук А. бюролору кирген. Кийин алар жоюлуп, 1935-ж. 35 райондук, I шаардык А. түзүлөт. 1939-ж. республиканын архив уюмдары Ички иштер Эл комиссариатынын алдындагы А. бөлүмүнө толугу м-н өткөрүлүп, көп документтер «жашыруун» сакталган. 1940-ж. 5 обл. (Жалал-Абад, Ысык-Көл, Тянь-Шань, Фрунзе, Ош), 1944-ж. Талас обл., 1941-ж. Кинофото документтеринин борб. мамл. А-дери уюшулган. 1964-ж. Кыргыз CCP Министрлер Советинин алдындагы А. бөлүмү А. башкармалыгы болуп өзгөртүлүп, райондук, шаардык А-дер Борб.мамл. А-дин филиалдары ж-а обл. мамл. А-дер катары түзүлгөн. 1974-ж. Борб. мамл. А-де жеке фонду уюштурулуп, учурда анда респуб-ликанын 170тей белгилүү адамдарынын архивдик фондцору сакталып турат. 1980-98-ж. Жогорку архив башкармалыгы, 1998-жылдан КРдин Билим, илим жана маданият министрлигине караштуу Архив иштери б-ча департамент, 2005-жылдан КРдин Өкмөтүнө караштуумамл. Архив агентчилиги.
Республикада учурда үч борб. мамл. А., документтештирүү борбору, ил.-методикалык борбор, жети обл., мамл. А., үч А. филиалы, 54 райондук, шаардык А., мамл. администрациялардын алдындагы жети А. ж-а документ башкармалыгы бар. Аларда көлөмү 2237 миңден ашкан 12427 А. фонддору сакталууда. Кыргызстан А-чилери 1995-ж. июнда эл аралык А. кеңешине мүчө болуп киришкен. Республиканын мамл. А. кызматынын алгачкы чыйырын А. А. Струкова, К. А. Денисов, С. Шералиева ж. б. башташкан.

С. Жумалиев, Т. Абдыкаров.