АРУБА
– Нидерланддын өзүн-өзү башкаруучу
аймагы. Кариб деңизинин түш. бөлүгүндөгү арал
Вест-Индияда. Кичи Антил а. архипелагынын
түш.-батышында жайгашкан. Ылымта аралдар
тобуна кирет. Ичке кысык аркылуу (туурасы
29 км) Венесуэладан бөлүнөт. Аянты 193 км2.
Калкы 119,4 миң (2020; калк батыш жээгинде
жыш отурукташкан); калкынын 75%ке жакыны европалыктар м-н кариб индейлеринин аралашуусунан пайда болгон метистер. О. эле папьяменто (креол тилинде сүйлөйт), голландцар (5%),
вест-индиялык креолдор (Латын Америкасынан
чыккандар), кытай, еврейлер да жашайт. Негизинен католик (82%), калгандары протестант
(9%), мусулман ж. б. диндерин тутат. Адм. борбору – Ораньестад ш. Расмий тили – нидерланд тили. Акча бирдиги – аруба гульдени.
Арал жанар тоодон пайда болуп, шуру (коралл) рифтери м-н курчалган. Жеринин бети негизинен тегиз, аскалуу дөңсөөлөр да кездешет.
Бийикт. 188 мге чейин (Яманота тоосу). Тайыз
булуңдары бар. Климаты субэкватордук. Айлык
орт. темп-расы 27°С. Жылдык жаан-чачыны
600 мм. Дарыялары жок. Кактус, ксерофиль
дарагынын бир нече түрү, бадалдар өсөт.
Ички дүң продукциясынын көлөмү 2,26 млрд
долларды түзгөн, аны киши баптына бөлүштүргөндө 21,8 миң доллардан (АКШ; 2004) туура
келет. Экономикасынын негизин туризм (жылына 600 миң турист келет; 2001-ж. 899 млн
доллар киреше берген) түзөт. Жагымдуу климаты м-н кооз пляждары ж-а таза суусу туристтерди өзүнө тартат. Офшордук банк бизнесинин
мааниси зор. Нефть ажыратуу (Синт-Николастагы з-д, жылына 21 млн т) өнөр жайы, тиричилик товарлары өндүрүшү, тамеки, суусундук з-ддору бар. Электр станциялары мазут м-н
иштейт; 2007-ж. 850 млн кВт-c электр энергиясы өндүрүлгөн. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн.
Сууну тузсуздандыруучу дүйнөдөгү эң ири з-д иштейт. Аймагынын 10,5% гана иштетилет. Климатынын кургактыгына байланыштуу тикенектүү өсүмдүктөр (негизинен фармацевтика үчүн
алоэ) ж-а жашылча (сугарылма) өстүрүлөт. Кой,
эчки асыралат. Балык кармалат, деңиз продуктулары даярдалат.
Автомобиль жолунун уз. 800 км (а. и. 513 кми'
асфальтталган). Темир жолу жок. Башкы деңиз порттору: Синт-Николас, Ораньестад, Баркадера. Эл аралык аэропорту (Ораньестадга жакын) бар. Сыртка алоэ, нефть продукциясын чыгарып, сырттан нефть, азык-түлүк (малдын)
алат. Чийки зат (нефть; Венесуэладан), машина
курууга керектүү продукция, автомобиль, тиричилик товарларын, жер семирткич да алат. Heгизги соода шериктери: АКШ, Нидерланд, Улуу
Британия.
Ад.: Аруба//Страны мира. Краткий политико-экономический справочник. М., 1997. Р. Карачалова.