АРТЫКБАЕВ Качкынбай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

Качкынбай (15. 12. 1934, Чүй обл., Москва р-ну, Кепер-Арык айылы – 12. 11. 2009, Бишкек) – сынчы, адабиятчы, акын, филология илимд. доктору (1985), проф. (1986), КРдин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1991), КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (1995), КРдин эл жазуучусу (2010), СССРдин Жогорку билим берүүсүнүн отличниги, Жусуп Баласагын атн. сыйл. лауреаты, ЖСунун (1962), Журналисттер Союзунун мүчөсү (1958).
КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1956). «Ленинчил жаш» гезитинде, «Ала-Too» журналында, «Кыргызстан» басмасында редактор, бөлүм башчы (1961-67), 1967-жылдан КМУда доцент, профессор, ф-ттин деканы, 1976-жылдан ушул убакка чейин кыргыз ад-ты кафедрасынын башчысы, КРдин Президенттин алдындагы мамл. тил комиссиясынын, Улуттук Аттестациялоо Koмиссиясынын президиум мүчөсү. «Байчечекей» (1964), «Тоолор менен сырдашуу» (1968), «Чыгармалар жана ойлор» (1974), «Жаркын өмүр» (1975), «Жолдор жана тагдырлар» (1981), «Тая-

АРТЫКБАЕВ 38.png


зим» (1987), «Замана» (1994), «Талант сыры» (1994), «Дил сыры» (2004) ырлар ж-а поэмалар жыйнактары, адабий сын макалалары, о. эле «Баатырлар сымбаты» (1965) аттуу очерки чыккан. 15 монография, адабий сын китептери, 23 окуу китептери, программалары, 600гө жакын макалалары жарык көргөн. ЖОЖдор үчүн кыргыз ад-тынын тарыхы б-ча окуу китебин биринчи жолу жазган (1982). 11-класстар үчүн «Кыргыз адабияты» ж-а 5-класстар үчүн «Биздин адабият» окуу китептеринин авторлорунун бири. А. КМУУга Ж. Баласагындын ысмын ыйгаруу үчүн аракеттерди жасаган илимпоздордун бири. Кытайдагы кыргыздардын оозеки чыглыгын ж-а ад-тын изилдеп, КМУнун студенттерине лекциялык курсту киргизди. Бир катар дүйнөлүк акындардын ырларын кыргыз тилине которгон. «Ардак Белгиси» ордени ж-а Даңк медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Чалгын. Ф., 1962; Изденуулөр жана табылгалар. Ф., 1966; Сын сапары. Ф., 1970; Мезгил элестери. Ф., 1979; Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. Ф., 1982; Тандалмалар. Ф., 1984; Кубанычбек Маликовдун чыгармачылыгы. Ф., 1992; Жусуп Баласагын жана Махмуд Кашкардын мурастары. Б., 1999; Аалы Токомбаев. Б., 2003; XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004; Бүтпөгөн күрөш баяны. Б., 2006.