АРТИЛЛЕРИЯЛЫК ЧАБУУЛ
Jump to navigation
Jump to search
– чабуул учурундагы артиллериянын күжүрмөн аракеттеринин
жыйындысы. А. ч. согушта артиллериянын, жөө
аскерлердин, танкалардын биримдикте аракеттенүүсү м-н душмандын коргонуусуна тереңдете
үзгүлтүксүз, бир мезгилде сокку уруп жок кылуу максатын көздөйт. А. ч. 3 мезгилге бөлүнөт:
чабуулду даярдоо, чабуулду колдоо ж-а душмандын коргонуусуна тереңдеп кирген жөө аскер м-н танкалардын аракетин колдоону камсыз кылуу.