АРТИЛЛЕРИЯ
(фр. artillerie – даярдоо, жабдуу) – I) кургактагы аскерлердин бир түрү;
артиллериялык куралдардын жыйындысы;
артиллериялык куралдардын түзүлүшү, өзгөчөлүктөрү ж-а колдонуу жолдору ж-дөгү илим.
Миномёттук реактивдүү түзүлүштөр, курал-жарактар ж-а танкага каршы реактивдүү снаряддар м-н жабдылган кургакта уюштурулган аскердик бирикме, бөлүк. А-нын карамагында транспорт, чалгындоо, байланыш, сүйрөө каражаттары ж-а ок атууну башкаруу приборлору болот. А. ок атуучу бардык куралдарды, согуштук техникаларды, адам күчтөрүн, коргонуу курулуштарын ж. б. объекттерди жок кылууга, о. эле жалпы аскердик бөлүктөр м-н бирикмелердин коштоосу аркылуу душмандарга сокку урууга багытталат. Уюштурулушу б-ча аскердик бирикмелердин, бөлүктөрдүн, бөлүкчөлөрдүн курамына кирген аскердик артиллерияны түзөт да, ал корпустук, дивизиялык, полктук ж-а батальондук болуп бөлүнөт. Аскердик А-нын карамагына кирбеген А. Жогорку Башкы командачынын резервинде турат. Максаттары ж-а куралдын түрү жагынан А. гаубицалык, замбиректик, раективдик, зениттик ж-а миномёттук болуп бөлүнөт. А-нын атайын (танкага каршы, тоолуу жерге ылайыкталган ж-а казематтык) түрлөрү да бар. Аскер-деңиз флотунда артиллерия кеме А-сы (анын ичинен зениттик) ж-а жээк А-сы болуп айырмаланат. Аскер-аба күчтөрүндө А-лык куралдар согуш самолётторуна орнотулуп келген, азыр алар ракета куралдары м-н алмаштырылган. Миномёт ж-а реактивдүү түзүлүштөр кубаттуулугу б-ча жеңил, орто, оор, чоң ж-а абдан кубаттуу А. болуп бөлүнөт. От м-н тутандырылып атылуучу куралды биринчи жолу 13-к-дын аягы – 14-к-дын башында арабдар пайдаланышкан. Орустар А-ны 1382-ж. Москваны Тохтамыш хандын чабуулунан коргоодо колдонушкан. 14–15-к-да Европанын бир катар өлкөлөрүндө А. куралдарын куюп жасоо өздөштүрүлүп, алар көбүнчө жез м-н колодон жасаган. Согуш куралдарын колодон куюу аларды жасап чыгарууну тездетүүгө ж-а анын конструкциясын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берди. I- ж-а 2-дүйнөлүк согуштардын жүрүшүндө Европанын бардык өлкөлөрүндө оор А., анын ичинен гаубица системасындагы А. түзүлө баштады. Согуштан кийинки ж-да ядролук зарядцар м-н дүрмөттөлгөн снаряддар пайда болду. А-ны атууга даярдоо, аны башкаруу процесстери автоматташтырылды ж-а механикалаштырылды. Матем., физ., химия, кибернетика, электроника илимд. жетишкендиктеринин негизинде А. илими өнүктү.