АРТИКЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

(лат. artikulus, фр. article) – бир катар индевропа, семит ж-а башка айрым тилдерде дифференциациялоочу кызматчы сөз. Зат атоочту жандап жүрөт ж-а аныктык же аныксыздык, теги (род), сан, жөндөмө граммат. категорияларынын көрсөткүчү болуп эсептелет. Англис тилиндеги А. зат атоочту атоочу ж-а тактоочу деп эки топко бөлөт. Немец тилиндеги А. заттардын тегин ажыратуу үчүн да колдонулат. Ал эми француз тилиндеги А. заттардын санын билдирет (мис., англ. the, а; нем. der, die, das, ein, eine; фр. le, la, les, un, une, des). Кыргыз тилинде А. жок.