АРТЕЗИАН СУУЛАРЫ
Jump to navigation
Jump to search
(лат. Artesium – Франциянын Артуа деген провинциясынын атынан) – суу өткөрбөөчү катмарлардын арасында
жайгашып гидравликалык басым м-н жер астында жаткан суулар. Ал суулардын үстүндө
жайгашкан суу өткөрбөс тоо тек катмары тешилгенде, А. с. өйдө көтөрүлөт А. с-нын пьезомет-
риялык деңгээли жер бетинен жогору болсо, суулар
жер үстүнө өзүнөн өзү агып
же атылып чыгып турат.
А. с-н жер үстүнө чыгаруу
үчүн бургулап казып, көзөнөк (көзөнөк же кудук) артезиан кудугу жасалат. Ал
калкты таза суу м-н камсыз кылууда, сугат
иштеринде, минералдуу сууларды алууда пайдаланылат. Мындай А. с. жер үстүнө чыгарган
көзөнөкчөлөр Кырг-ндын Чүй, Талас, Фергана
өрөөндөрүндө кеңири пайдаланылат. А. с.
көбүнчө антропоген мезгилине чейинки тоо тектерде жайгашат.