АРТ
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
– ашуу, тоо маанисин чагылдырган байыркы топонимика, геогр. термин. Бул түшүнүк
ж-дөгү алгачкы дарек X к-га («Худуд-ал-Аламда» эскерилет) таандык. XI к-да ашуу маанисиндеги оронимиялык компонент катары тарала баштаган; мис., Бадаларт, Букачар, Занбиарт, Кавакарт, Торугарт, Яфтуарт. Бул термин катышкан топонимдер Кырг-ндын азыркы
аймагында өтө көп тараган: Кумарт, Кызарт,
Эшекарт, Көгарт, Агачарт. А. кошулган топонимдер Кырг-ндын азыркы чегинен сырткары
аймактарда – Памирде, Алтайда, Тувада, Кашкарда ж. б., тагыраак айтканда кыргыздар мурда жашаган жерлерде гана кездешет. Мындан
«арт» түшүнүгү кыргыздарга гана таандык деген бүтүм чыгарууга болот. Арттын кыргыздарда ашуу, бел, дабан, өтмөк, ажык деген синонимдери бар.