АРСТАНБАП ШАРКЫРАТМАЛАРЫ
Бабаш-Ата
кырка тоосундагы Арстанбап (Кара-Үңкүрдүн оң куймасы) суусунда. Ош обл-нун Базар-Коргон р-нунда. Арстанбап
кыш-на жакын,
тоонун этек жагындагы тик аскадан агып түшөт. Мында эки
(Чоң ж-a Кичи
Арстанбап) шаркыратма бар. Чоң
шаркыратманын
жалпы бийикт.
200 .идей, үч баскычтан турат. Cyy аскада эки
жак бети жалама зоолуу кууш каньонду пайда
кылат. Кооздугу жагынан Кичи Арстанбап шаркыратмасы айрыкча көңүлдү бурат; бийикт.
20 мдей. Чачыраган майда суу тамчылары күн
нуруна чагылышып, көк желе пайда кылат. Acкалардын бети жашыл эңилчектер м-н капталган. Ал шаркыратма айланасындагы табигый
кооздуктун (мөмө-жемиш токою ж. б.) көркүнө
көрк кошуп турат. Мурунку убакта шаркыратмалар, айрыкча кичинеси динчилердин зыярат
кылган ыйык жери болсо, азыр туристтердин, эс алуучулардын сүйгөн жайына айланып
калды. С. Байгуттиев.