АРСТАНБАП ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

– Жалал-Абад обл-дагы табигый кооз аймак. Бабаш-Ата кырка тоосунун түш.-чыгыш капталынан орун алган. БазарКоргон р-нун аймагында, Жалал-Абад темир жол бекетинен 60 км түн.-батыш тарапта. Деңиз деңг. бийикт. 1400–2000 м. Жеринин бети дөбөдөңсөөлүү, белестүү келип, айрым жери түзөң тартып кетет. Өрөөндүн төрүндө тар капчыгай, корум таш ж-а палеозойдун акиташ тектүү массивдери бар. Мезозойдун ж-а палеоген-неогендин кызыл түстүү чөкмө тектеринен турат. Климаты мелүүн континенттик. Түндүктөн соккон муздак абаны Бабаш-Ата кырка тоосу тосуп калгандыктан кышы жумшак, кар арбын жаайт; январдын орт. темп-расы –3°С. Жаз эрте келип, жаан-чачындуу. Жайында Фергана өрөөнү тараптан соккон керимсел шамалдын таасири жокко эсе, салкын; июлдун орт. темп-расы 20°С. Күзү жылуу, көбүнчө күн ачык болот. Жылдык орт. жаан-чачыны 1000 ммдей; көбү март, май айларында жаайт. Жылдык орт. салыштырмалуу нымдуулугу 54%. Күн тийүү узактыгы жылына 2800 с. Кыртышында чириндиге бай каралжын-күрөң топурак басымдуу. А. ө. – дүйнөдөгү кайталангыс эң кооз жерлердин бири. Кооздукту жыш өскөн жапайы жаңгак-жемиш токою түзөт. Жаңгакка аралаш алча, алмурут, карагат, кайналы, айвансари, алма ж. б. мөмө-жемиштер, о. эле шилби, ит мурун, асамуса, кара март, ыргай ж. б. өсөт. Токой арасындагы ачык аянттарды бийик өскөн шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Cyy боюнда терек, тал, чычырканак, балгын ж. б. ээлейт. Жаңгак токоюнун жогорку чегинде карагай, ак чечек, кайың, шилби, табылгы ж. б. кездешет. Toкойду калыбына келтирүү ж-а көбөйтүү максатында жаңы көчөттөр отургузулууда. Өрөөн аркылуу Арстанбап суусу агат. Жер бетине чыгып турган акиташ тектүү массивдер майда суу-

Арстанбап өрөөнү.


ларды бөгөп, шаркыратмаларды пайда кылган (к. Арстанбап шаркыратмалары). Жаныбарлардан аюу, доңуз, карышкыр, суусар, кашкулак, элик, тоо эчки; канаттуулардан улар, кекилик, чил ж. б. көп кездешет. Арстанбап өрөөнүндө Гүмкана токой чарбасы бар, анда жаңгак, мөмөжемиштер (алма, алча ж. б.) жыйналып мамлекетке тапшырылат. Арстанбаптын таза абасы климаттык терапияга ж-а адамдардын эс алуусуна ыңгайлуу. Арстанбап кыш-нан 8 км түш.-батыштагы көлдүн акваториясында дары баткактын кени бар; 1975-77-ж. чалгындалган; запасы 20 миң м3. Арстанбап кыш-на жакын пансионат (500 орундуу), ден соолукту чыңдоочу спорттук лагерлер иштейт. Арстанбап кышнда 16–18-к-га тааидык арх-ралык эстелик – Арстанбап кумбөзу бар.
Ад.: Лавренко Е. М., Соколов С. Я. Растительность плодов, лесов и прилагающих районов Южной Киргизии // Плодовые леса Южной Киргизии и их использование. М., JI.,1940; Орехово-плодовые леса Юга Кыргызстана. Б., 1992; Бараталиев Ө. Фергана тоо тизмегинин Түштүк-Батыш капталынын табиятынын өзгөчөлүктөрү жана анын геоэкологиялык абалы. Б., 2002. Ө. Бараталиев.