АРПА ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:48, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– Ички Теңир-Тоонун түш.-батышындагы бийик тоо өрөөнү, жайлоо. Түш.батышынан Фергана, түштүгүнөн Торугарт кырка тоолору, чыгышынан Ат-Башы кырка тоосунун батыш тумшугу, түн.-чыгышынан ОртокТoo ж-а түндүгүнөн Жаман-Тоо м-н чектешет. Уз. 60 км, эң жазы жери 32 км. Өрөөн түн.-батышты карай 3 бурчтук сымал созулуп, чыгыштан батышты көздөй эңкейиштеп жатат. Таманы деңиз деңг. 2600–3600 м бийиктикте. Apna
суусу өрөөндү 2 бөлүккө (жантайыңкы жазы сол ж-а тигирээк ичке оң жээкке) бөлөт. А. ө. – грабень-синклиналдык ойдуң. Таманы шиленди ж-а үбөлөндү тектердин калың катмарына толгон. Климаты катаал: жылдык орт. темп-расы –5,4°С, январдыкы –23°С, июлдуку 9,3°С. Жылдык жаан-чачыны 250–280 мм. А. ө-нө шалбаалуу ж-а бадалдуу талаа (3000 мге чейин), күнгөйүнө субальп жарым чөлү ж-а кургак талаасы (3500 мге чейин), альп талаасы, тескейине субальп талаасы ж-а шалбаалуу талаасы, субнивалдык (3800 мге чейин), андан жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. А. ө. – Кырг-ндагы ири жайыттардын бири. Мында негизинен Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын р-ндорунун малы жайылат. Өрөөндүн чыгыш бөлүгү аркылуу Бишкек – Торугарт автомобиль жолу өтөт.