АРМАН КҮҮЛӨР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:48, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– кыргыздын муз. фольклорунда ж-a комуз музыкасында кеңири өнүккөн жанрдын бири. А. к-дө негизинен кыргыз элинин өткөн замандагы кайгы-муңу, кедей, жетим-жесирлердин оор турмушу баяндалат. Koмузда А. к. жөнөкөй кайрыктардан тартып кеңири масштабдуу классикалык күүлөргө чейин өскөн (мис., «Көкөй кести», «Кыздын арманы», «Арман күү», «Жетим баланын арманы», «Музоокенин мундуу күү» ж. б.). Айрым А. к. автордун ысымы м-н кошо айтылат: «Абактын арманы», «Арстанбектин арманы», «Серкебайдын
арманы» ж. б. Ботойлор, шыңгырамалар, кербездер, камбаркандар ж. б. арман деген аныктама м-н коштолуп чертилүүсү мүмкүн (мис., «Арман кербез», «Армандуу ботой», «Арман шыңгырама» ж. б.). А. к-дүн өзүнө тийиштүү толгоосу, чертүү чеги ж-a ыкмалары болот.