АРКЫТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:48, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы Сары-Челек көлүнө чектеш жаткан жаңгак токоюна бай табигый кооз жер. Райондун борбору Кербен ш-нан 18–20 км түн.-чыгыш тарапта. Чаткал, Узун-Акмат (батышында), Бозбу (чыгышында) тоолорунун ортосунда; түндүгүндө СарыЧелек көлу жатат. Уз. 25 км, туурасы 12 кмге чейин. Деңиз деңг. бийикт. 1200 мден 4247 мге (Муз-Төр) чейин. А-тын жогору жагында аскалуу тар капчыгайлар көп. Өрөөн аркылуу КожоАта суусу агат, анын жылдык орт. чыгымы
4,67 м3/сек. Кышы жылуу ж-a нымдуу, жайы салкын. Июлдун орт. темп-расы 20–23°С, январдыкы –12°С. Жылдык жааи-чачыны 450 мм- ден ашык. Мезозой-кайнозойдун кызыл, боз түстөгү чөкмө тектеринен турат. Tooro өрдөгөн сайын жаңгак токойлору сейректеп, карагай м-н алмашат. Мында жыгачтын 32, бадалдын 80, чөптүн 386дан ашык түрү бар. Токойдо жаңгак, алма, алмурут, алча, кайналы, өрүк, чие, бадам, жүзүм, шилби, четин, карагай, кайың, ал эми субальп алкагында (2100– 3000 м бийиктикте) пияздын бир нече жапайы түрү, кымыздык ж. б. өсөт. Жапайы жаңгак токою м-н көп

Аркыт өрөөнү.


түрлүү өсүмдүктөр дүйнөсү өрөөндүн табиятына өзгөчө көрк берип турат. А-тын аймагынан жаңгак ж. б. мөмө-жемиштер жыйналат. Өрөөндүн Сары-Челек коругунун аймагында жайкысын жүздөгөн табиятты сүйүүчүлөр болушат. Топоним санскритче – кооз жер, ажайып жер маанисин билдирет. М. Кадыркулов.