АРКТИКАЛЫК КЛИМАТ
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Арктикага мүнөздүү
дайыма суук өкүм сүргөн климат. Ал негизинен Күн кыйгач тийип, анын радиациясынын
аз өлчөмдө түшүшүнүн ж-a түбөлүк муздардын
илебинин таасиринен пайда болот. Абанын
темп-расы жалпысынан 0°тан төмөн болуп,
анын төмөнкү чеги 50°ка жетет. Туман, булут
каптал, бороон болуп турат. Жаан-чачын аз өлчөмдө (100-200 мм), негизинен кар аралаш майда жамгыр түрүндө түшөт. Жылуу күндөр уюлда бир ай, деңиз жээктеринде 2–3 ай гана болот. Уюлдук кеңдиктердин көп жерлеринен
антициклон үзүлбөйт.