АНТИСЕМИТИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
еврейлерге карата этникалык ж-а диний жактан жерүү саясаты; аларды чектеп, куугунтуктап, массалык түрдө кырууга багытталган шовинизмдин өтө ашынган формасы. А. термини 19-к-дын 70–80-жылдарында пайда болгон. Узак мезгил бою А. улут аралык чатактарды туудурган каражат катары саясий күчтөр тарабынан пайдаланылган А-дин ашынган түрү германдык фашизмдин негизги идеясына айланган. Натыйжада Германиядагы ж-а немецтик-фашисттик аскерлер каратып алган аймактарда 1938–45-ж. 4-6 млнго чейин еврей калкы жок кылынган.