АНСЭЙ КЕЛИШИМДЕРИ
16:08, 7 Июнь (Кулжа) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
– 1854–58-ж. АКШ, Улуу Британия, Россия, Франция, Нидерлан-ды м-н Япониянын ортосунда Ансэй жылдарында (император Комэй башкарган жылдардын расмий аталышы) түзүлгөн келишимдер. Япон өкмөтүнүн каршылыгына карабастан, А. к. Япониянын эки кылымдан ашык мезгилге созулган тышкы дүйнөдөн изоляциясын жойгон. А. к. чет өлкөлүк соодагерлерге Япониянын айрым шаарлары м-н портторунда тоскоолсуз соода жүргүзүүсүнө жол ачып, бул мамлекетти дүйнөлүк рынокко кошкон. Бирок Япониянын чет өлкөлүк соода компанияларынан алынуучу бажы салымдарын алуу укугу чектелип, келишимдерге ылайык, сырттан ташылып кирген товарлардан алынуучу бажы салыктары төмөндөтүлгөн. А. к-нин шарттары 1894–99-ж. кайра каралган.