АРКА
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(лат. arcus – дого, ийри) – имараттардын, дубалдардын аралыгын түркүктөр, колоннал ар, пилондор аркылуу бириктирип турган
таяныч. А. – имараттардын арх-ралык маанилүү элементи, конструкциянын тосмолоруна
ж-а стилдин талаптарына ылайык өзгөрүп турат. 19-к-дын 2-жарымында А. жаңы өркүндөтүлгөн арх-ралык формалар м-н металлдан курулган. Мындай жаңы арх-ралык мүмкүнчүлүк
20-к-да темир-бетон А-ларынын пайда болушуна алып келген. Алар чоң имараттарда, көпүрөлөрдө, спорттук курулуштарда ж-а метро
станцияларынын интерьерлеринде колдонулат.