АРИЯ
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(итал. aria – аба, атмосфера) – I) формасы б-ча операдагы, ораториядагы же кантатадагы оркестрдин коштоосунда жалгыз ырчы
аткаруучу чыгарма; 19-к-дын ортосунан опереттадагы вокалдык композиция. Өз алдынча чыгарма катары да кездешет. А-нын түрлөрү: ариетта, ариозо, каватина, кабалетта ж. б.; 2) Батыш Европа музыкасында бир катар ыр-бий жанрларын бириктирүүчү көп маанилүү термин; 17-к-дан бий же ыр мүнөзүндөгү аспаптык пьеса. Аспаптык А. балетке, балеттик интермедияга кирет.