АРИСТОКСЕН
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
Таренский (б. з. ч. 345-ж. т.) –
байыркы грек философу, Аристотелдин окуучусу, перипатетиктер мектебинин өкүлү. Ал «Гармониянын элементтери», «Ритмиканын элементтери» эмгегинде пифагорчулардын окуусун перипатетиктердин окуусу м-н бириктирүүгө, айкалыштырууга аракет кылган, музыка ж-а ритм
ж-дө байыркы спекулятивдик матем. окууну
түзгөн. Перипатетиктик методду колдонуу аркылуу, көп кылымдар бою иск-вого таасирин
тийгизген, музыкага киришүү синтезин түзгөн
ж-а жандын, дененин байланышын муз. гармония, лиранын катыштары м-н салыштырган.
А.– философтордун таржымалын же пифагор
чулардын чыгармачылыгы тууралуу монографиялардын сериясын түзүүчүлөрдүн бири. Анын
көз караштары азыркыга чейин талкууланып
келет.