АРЕНА
Jump to navigation
Jump to search
(лат. арена, сөзмө сөз – кум) – 1) Байыркы Римде оюн көрсөтүү үчүн амфитеатрдын
ортосундагы кум төшөлгөн аянтча. Жырткыч
айбандар м-н гладиаторлорду (кул же согуш
туткундарын) кармаштыруу үчүн пайдаланылган. А. м-н көрүүчүлөрдүн ортосуна суу толтурулган чуңкур же атайын тосмолор жасалган;
спорттук мелдештер өтүүчү көрүүчүлөр үчүн
атайын жасалгаланган орундары бар жай. Анда
футбол талаасы, чуркоо жолу, секирүү, ыргытуу жайы үчүн секторлору болот. Волейбол, баскетбол аянтчалары да А-га кирет.