АРГЫНДАШТЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– тукум куума касиеттери ар түрдүү организмдерди кайчылаштыруу же

кыйыштыруу; өсүмдүк ж-а жаныбар с'елекция ыкмаларынын бири. Табияттагы биол. формалардын эволюциясындагы негизги фактор болуп эсептелет. Өсүмдүк ж-а малды чарбалык баалуу белгилери б-ча тандоодо, о. эле жаңы порода (сорт) чыгарууда баштапкы материал болуучу гибрид ж-а метис, чалыш, аргын алуу үчүн, асыл тукум ишинде породаларды жакшыртуу жолу катары же малдын кунардуулугун жогорулатуу үчүн пайдаланылат. Анын түрдүү жолдору бар. Ал тектеш ж-а тектеш эмес болуп бөлүнөт. Тектеш эмес А-нун түрлөрү: порода аралык (сорт аралык), линия аралык, түпкү тегинен А. Мал чарбасында А. метистештирүү деп аталып, асчкания кою, ала-тоо ую, кыргыз уяң жүндүү кою ж. б. породалар чыгарылган. Өсүмдүк жасалма ж-а табигый жол м-н аргындашат. Табигый А. шамаал, чымын – чиркей ж. б-дын жардамы м-н жүрөт. Жасалма A-ну адам жүргүзүп, өсүм­дүктүн ар кандай пайдалуу сорттору алынган. к. Гибриддештирүу'.