АРГЫМАК
– Жакынкы ж-а О. Чыгыш өлкөлөрүндөгү асыл тукум минги жылкынын байыркы аты. Таза тукумдуу минги, буденный, араб,
ахалтеке ж-а англис жылкысынын сымбаттуу,
чымыр күлүгүн А. деп аташат. Кыргыз элинин
турмушунда А. байыртадан «чапса күлүк, сатса
пул» катары асыралып келген. Алгач жапайы
жылкы азык-түлүк иретинде колдонулган. Акырындап, колго үйрөтүлүп мингич, унаа катары
кеңири пайдаланылган. Изилдөөчүлөр минги аттарды адегенде Борб. Азияда өстүргөн деп эсептешет. Б. з. ч. 2–1-к-га таандык жазма булактар, маалыматтар б-ча А. жылкыларды өстүргөн
2 борбор: Бактрия ж-а Даван белгилүү. Фергана
өрөөнүндөгү Даван мамлекетинин жылкылары
сымбаты, сыны, турпаты ж-а күлүктүгү м-н өзгөчө даңазаланган. Аларды «Асмандан түшкөн
аргымактар» деп аташып, бүт Фергана өрөөнү
сыймыктанган. Коңшулаш элдерге ж-а алыскы
өлкөлөргө чейин Даван А-тарынын атагы тарап, соода-сатыкта өтө жогору бааланган. Жазма маалыматтарда «баалуу жылкылар» үчүн
кытайлыктар Даванга бир нече жолу кол салгандыгы ж-дө айтылат. Даван А-нын алтындан жасалган айкели падышанын сарайында
турган. Археол. изилдөөлөр учурунда Аравандагы Дулдул-Ата мазарындагы аскада моюну
«ак куудай» койкойгон, башы кичине, буттары
ичке, келишимдүү аттар тартылган, о. эле ушул
сыяктуу сүрөттөр Сулайман тоодон да табылган.
Азыркы мезгилде түркмөндөрдүн дүйнө тааныган ахалтеке А-тарын алардын тукумдары
деп айтышат. Өлкөбүздөгү № 54, Бишкектеги ат
чабылуучу жай ж. б. асыл тукум жылкы
өстүрүүчү чарбаларда асыл тукум А. жылкылар:
араб, ахалтеке, буденный, дон, англис, о. эле
кыргыз жаңы жылкысы өстүрүлөт. Алар бири
биринен дене түзүлүшү, өңү-түсү, күлүктүгү м-н
айырмаланып, кыргыз жылкысынын туку му н
жакшыртуу ж-а ат спорту үчүн пайдаланылат.
Мурда А. жылкылар алты жашка чейин эле күлүккө чабылса, бүгүнкү күндө жылына 3 ай эле
(кышында) эс алат да, дайыма ат чабыш, аламан байге үчүн тапталып, чабыла берет. «Манас» эпосунда: «Манас жана анын кырк чоросу
тулпар, нойондор – буудан, берендер – тобурчак минишкен, ал эми атчан жоокерлердин
жоого минген аттары – аргымак болгон» деп
айтылат.
Ш. Керимова.