АРГИЛЛИТ
Jump to navigation
Jump to search
(гр. argillos – чопо, lithos – таш) -
диагенез ж-а эпигенез процесстеринде чопонун
ныкталып, нымсызданып ж-а цементтелишинен пайда болгон катуу тоотек. Сууда эзилбегендиги ж-а катуулугу м-н чоподон айырмаланат. Цемент, керамзит, курулуш карапасын
алуу материалы катары колдонулат. А-тер
көбүнчө көмүр м-н нефть кендери бар жерлерде
жолукандыктан, жер бетинде алардын жайгашуусун ж-а таркалышын изилдөөнүн мааниси
чоң.