АРГАС КЕНЕЛЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(Argasida) – кан соруучу кенелер тукуму. Демейде кененин дене уз. 2 -13 мм, күңүрт боз түстө, башы анча чоң эмес, көзү жок. Алар көбүнчө адам жашаган турак жайда ж-а мал сарайларда кездешет. Кан м-н азыктанат. Ал 30-40 минта. чейин кан сорот, тойгон кене кайрадан жерге түшүп тактай жаракаларына, тешиктерге кирет.

А. к. 20-25 ж. жашайт. Алардын 100дөй түрү негизинен жылуу ж-а кургак р-ндордо кезигет. Ичкелте оорусун козгойт. Ооруну козгоочу микробактериялар адам денесине кененин шилекейи аркылуу жугат.