АРБАЛЕТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(фр. Arbalete, лат. arcus – жаа,

ballista – атуучу курал) – тептирге тартылган жаанын потенциалдык энергиясын колдонуп, жебе, таш м-н атуучу курал. Анын атуу аралыгы 50–150 м'. Ал болжол м-н б.з.ч. 4-к-да Кытайда жасалган, Байыркы Грекияда «гастрофет» деген ат м-н белгилүү болгон. 10–16-к-да Европада согуштук А-тер колдонулган. А. жаясы (уз. 1 м) ар кандай жыгачтан, сөөктөн, 15–16- к-да атайын механизм м-н атылуучу А-тин жаасы болоттон жасалган. Мындай А-тин сокку күчү 300–500 кг болуп, жаа зоот кийимдерди оңой тешкен. О. эле таш ж-а чоң жебе атуу үчүн жаасы 1,5–2 м А. пайдаланылган. Акыркы убак­та А. аңчылык ж-а спорттук болуп бөлүнөт. Алардын сокку күчү 35–70 кг.