АРБАК
(ар. – рух, жан) – эл ишениминде өлгөн
денеден бөлүнүп, өз алдынча жашоосун улантуучу адам «жаны». Денеден бөлүнүп чыккан «жан»
(киши өлгөндө) «тиги дүйнөдө» жашоосун улантат деген ишеним А-ка ишенүү, аны ыйык саноо, алардан жардам сурап кайрылуу ишенимин пайда кылган. Ата-бабанын А-гын ыйык
эсептеп урматтоо расмиси түрк, монгол элдеринде, а. и. кыргыздардын арасында да
байыртадан кеңири тараган. Кыргыз коомунда
А-тарга сыйынууга өзгөчө орун, маани-маңыз
берилген. А-ка ишенүү ж-а аларга арнап курмандык чалуу ырым-жырымдарын өткөрүү кыргыздарда исламга чейин эле белгилүү болгон, аны
байыркы ж-а о. кылымдардагы өлүк коюу жөрөлгөсүндөгү өлгөн кишинин мүрзөсүнө «тиги
дүйнөдө» керектейт максатында тамак-аш, урунган буюмдарын кошо коюу салтынан көрүүгө
болот. Бул түшүнүк бүгүнкү күнгө чейин сакталып, A-ты эскерип, куран түшүрүү, кырк-ашын
өткөрүү, курмандык чалуу сыяктуу ырым-жырымдар аткарылат (к. Аш, Жан макалаларын).
А-тарга сыйынуу диндин алгачкы формаларынын бири. Ал энелик (матриархат) уруктук
коомдо өнүккөн. Уруулардын башчыларына көзү
тирүүсүндө эле Кудай катары сыйынышкан,
алардын ата-бабалары өзгөчө күчкө ээ деп
түшүнүшкөн (Полинезия, Түштүк Азия, Батыш
Африка). Байыркы гректердин, римдиктердин,
славяндардын ж. б. элдердин политеистик диндеринде А. көрүнүктүү орунду ээлеген.