АРАШАН СУУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(монголчо аршан – булак) – жер астынан чыккан жылуу суулар.

Суунун темп-расы 37–42° болсо – термалдуу, 20- 27° – субтермалдуу, 42°тан жогоркусу гипертермалдуу А. с. деп аталат. А. с. негизинен жер астындагы суудан пайда болот. Суу жер кыртышынын тереңиндеги жогорку темп-рада турган тоотектердин арасынан сарыгып өткөн кезде ысып, тектон. жаракалар аркылуу жер үстүнө чыгат. А. с. көбүнчө жанар тоолуу жерлерде, артезиан суулары жайгашкан ж-а тектон. кыймылдар болуп турган аймактарда кезигет. Жанар тоолуу аймактарда ысыган тоо тектер жербетине жакын жайгашкандыктан, андагы суу өтө ысып, сыртка буу же кайнар булактар (гейзерлер) түрүндө чыгат. А. с. аз минерал дашкандыгы ж-а өтө жегичтиги м-н айырмаланат. Кырг-нда Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Ата, Жалал-Абад, Жыргалаң курортторунда ж-а Чоң Кызыл-Суу, Жуукучак, Тоң, Кара-Кече, Үгүт, Гүлчө, Зардалы ж. б. жерлерде бар. А. с. саламаттыкты чыңоо ж-а ооруларды дарылоо максатында, электр энергиясын алууда, геотермэлектростанцияларын курууда (Калифорния, Италия, КМШ өлкөлөрүндө), турак үйлөр м-н теплицаларды жылытууда ж-а сугат ишинде (Исландия) кеңири пайдаланылат.