АРАШАН КАПЧЫГАЙЫ
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
Тескей Ала-Тоонун
түн. капталында. Арашан суусу аккан багытта түштүктөн түндүккө карай 30-33 кмге созулат.
Таманынын жазы жери 2–3 км, кууш жери 500–
800 м, деңиз деңг. бийикт. 2300–2700 м. Өрөөн
байыркы мөңгүнүн аракетинен, суу эрозиясынан ж-а үбөлөнүүдөн пайда болгон. Жогорку
бөлүгү төрлүү (трог) келип, байыркы мөңгүнүн
мореналарынан турат. Ортонку ж-а төмөнкү бөлүгү кууш, V формасында. Таманында ж-а тоо
капталдарында карагай токойлорунун ири массивдери бар. Шалбаалуу талая, бийик чөптүү
шалбая зоналары басымдуу. Минералдуу ысык
булактар чыгат. Балдардын Ак-Суу санаторийи
бар. Жайкы жайыт. Ил., окуу-тарбиялык ж-а
рекреациялык маяниси чоң.